"Үңкүр-Тоо маселесин бийлик чечпесе, өзүбүз чечебиз деп оолуккандар бар" дейт Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков

Үңкүр-Тоону өзбек милициясынан бошотуу талабы менен эл чогулууга даяр экенин Аксы районундагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков SUPER.KG порталына билдирди. Бирок андай кадам менен провокация жасабоого чакырып жатканын кошумчалады.

"Негизинен Аксы тынч эле, эч ким жулкунуп чыгып кеткен жок. Болгону нааразы адамдар көп. Биздин элге бийлик өкүлдөрү Үңкүр-Тоо боюнча эч кандай чечкиндүү кадам жасабай жаткандай сезилип жатат. "Бийлик эч нерсе кыла албаса, биз өзүбүз чогулуп барып, аларды чыгарууга даярбыз" деген балдар көп. Менин деле 500дөй адамды чогултуп алып барганга мүмкүнчүлүгүм бар, бирок андай боло турган болсо, кан төгүлүшү мүмкүн экенин билип турабыз. Андыктан сабырдуулукка чакырып, күтөлү деп жатабыз", - дейт Надырбеков.

"Мындай сөздү бийлик бул маселени эртерээк чечип берсин деген максатта айткан болчубуз. Биздин 4 жараныбызды алып кетишкенине 10 күндөн ашты, алар эмне болгондору тууралуу маалымат жок. Эртең Көчмөндөр оюндары башталса, андан кийин Курман айт... Бул маселени чечүү дагы бир канча убакка жылат. Маселени чечкиле, болбосо өзүбүз чечебиз" деп оолуккан адамдар бар", - деди депутат.

"Мен таптакыр бийлик бул маселени чечпейт дегенден алысмын. Эгер алар көңүл бурбай коё турган болсо, бул жак жакшылык менен бүтпөй калат. Менимче, милиция кызматкерлерин Өзбекстан алып чыгып эле кетет. Аларга деле коңшулар менен жаңжалдашуунун кереги жок", - деген оюн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
MIRlan
2016-09-02 11:17:28
Оолукпай эле чындыкты айтышкан эл. Депутат элди оолугушат дейтко.
+1
Sharos3
2016-09-02 11:20:00
Дагы алып кетишпейби.
Барбы биздин милиция ал жакта
0
Sharos3
2016-09-02 11:47:00
MIRlan,
4 адамдын ордуна 120 депутат менен
президентти кошуп алмаштырып койсо
Сонун болмок
+6
Belek2070
2016-09-02 12:44:36
Оолукту деген создун маанисин тушунбой жатасынар, кыжыры келген адамдар коп деген мааниде айтып жатат депутат.
0
Rifle_S
2016-09-02 17:20:17
Президентти албайт. Алса жакшы болот эле, кайра көп жерлерин биз басып алат элек.
0
barakcha
2016-09-02 20:22:45
Sharos3,алардын кимге кереги бар?
0
nura.177
2016-09-02 11:21:25
Силерди барып алмаштырып келели тортооонун ордуна 120ды ,анан биз оолукпай ,карапайым калк куйбой тынч жашап турабыз окмот чечкиче
+4
take220281
2016-09-02 11:21:57
ХХХ ХХХ ХХХ, бул депутат эмес эл душманы
+1
admin_portal
2016-09-02 11:40:34
take220281, этика нормаларын сактаңыз!
-4
kuba.kq8705
2016-09-02 12:30:33
эртерек аракет кылбасак тосуп алышат тикен зым менен бир тундо тосуп алгандан кийин эч нерсе кыла албайбыз
+4
konfetka.medik
2016-09-02 12:58:09
Озубуз кошо отуп кетип жатпайбызбы эртерек чечкиле да бул маселени
+2
aksy-beka
2016-09-02 14:24:35
Окмот чече албайт окшойт андан коро эл озубуз эле аракет кылыш керек болуп калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан