Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын эки тик учагы келип конгонун Чек ара кызматы тастыктады

Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын эки тик учагы келип конгонун Мамлекеттик чек ара кызматынан тастыкташты.

Бүгүн эртең менен Өзбекстандын эки тик учагы Үңкүр-Тоого конуп, нөөмөт алмашуу болду. Анда өзбек тарап мурдагы милиция кызматкерлерин алып кетип, 15-20га жакын башка кызматкерлерин таштады”, - деди Мамлекеттик чек ара кызматынын Маалыматты камсыздоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Сажира Чоколоева.

Ошондой эле ал Үңкүр-Тоодогу абал эч өзгөрүүсүз экенин жана кыргыз тарап да кошумча аскер кызматкерлерин жеткиргенин билдирди.

Буга чейин жергиликтүү тургун кайрылып, бүгүн эртең менен Өзбекстандын тик учагы Үңкүр-Тоого келип конгонун билдирген эле.

Үӊкүр-Тоого эки учак келип конду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
imanchik
2016-09-02 12:31:31
ХХХ ХХХ ХХХ Ээх кыргыз
+1
admin_portal
2016-09-02 12:41:09
imanchik, провокация жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
-2
s9zen098
2016-09-02 12:39:54
Санаап отура бергиле. Башка колунардан эч жумуш келбеген сон эмне кыласынар анан. Ошондон көрө жоолук салып үйдө эле олтургулачы бала багып...
+6
maratbek88.88
2016-09-02 12:44:18
ушул озбектер Кыргызстан га эле ушунтип атты бекен же тажик туркмондоргода ушунтеби казактаргаго отпойт мундай кылыгы военный жактан кучту алар тажик туркмон афгандар биздей даже бизден ылдый военный жактан
+4
Sharos3
2016-09-02 22:31:22
maratbek88.88,
Ошол учун военный техниканы кобойтсок
биздин жерлерди оздору эле бермек байкабай жылып алыпбыз деп
0
konfetka.medik
2016-09-02 12:46:09
Саат 9дар чамасында учуп келишти эгер ункур тоо отсо биз жашаган жер да отуп кетет чондор эмне кылып жатасынар чечпейсинерби бул маселени канча кыргыз жараны да кошулуп отуп жатат
+3
sher.ella
2016-09-02 12:57:19
Эрте Ислам Каримов олсо коросунор Орто Азия жана Казакстан ойрон болушу мумкун
0
Revolyutsiya
2016-09-02 14:26:45
sher.ella, Назарбаев бар Казахстан кучтуу, не то что Кыргызстан...
+2
sultan89
2016-09-02 22:30:50
sher.ella,озуна котогум
0
OMURBEK.
2016-09-02 13:16:40
Ункур тоону качан эле алдырып койгонбуз депутаттарын ал биздин жер деп калп эле елди алаксытып журот
+3
Belek2070
2016-09-02 13:28:15
Мен силерге илгери болгон бир окуяны айтып береин. Илгери биздин кыргыздын бир Ханына( каганаты) коншу жашаган бир хадык адамдарын жиберет мага озу минип жургон кулук атын белек кылсын деп, биздин ханыбыз озуно ишенген адамдарын чогултуп кенешет эмне кылалы берелиби деп, кенешчилери жок бербейбиз дейт бирок хан берууну туура корот да атты белекке берет, арадан бир канча убакыт отуп жанагы хандык дагы адамын жиберет, мага эн суйуктуу жаш келинчегин белекке берсин деп ханыбыз кайра кенешчилерин...
+3
Belek2070
2016-09-02 13:43:23
чогултуп кенешет аялымды сурап атат не кылалы деп, кенешчилери жок бул аша чаап кетти урушабыз булар менен дейт ошондо хан дагы аялын берууну туура корот да эн жаш суйуктуу келинчегин кошо жиберет келген адамдар менен. Арадан дагы бир убакыт отот жанакы хан дагы адамдарын жиберет мага бир аз жер белек кылсын деп, Хан кенешчилеринен сурайт эмне кылалы деп алар айтышат бул жер таштуу кургак суу чыкпаган осумдук оспогон жер берсек берели деп..ошондо Ханыбыз кандай чечим чыгарат ким билет уландысын?
+2
Revolyutsiya
2016-09-02 13:49:16
Belek2070, тулпар табылат, катын да табылат бирок жер табылбайт, Мекенимдин ар бир бурчу мен учун кадырлуу... деген бекен?
+1
Revolyutsiya
2016-09-02 13:51:39
Озбекистан аскерлерин алмаштырып жатса демек Ункур-Тоону кайтарып берууго ниеттенбегени же ордуна Орто-Токой суу сактагычын сурайт...
+2
One
2016-09-02 14:32:26
Эхх озубуздун киндик каныбыз танган жерди алдырып ийбесек болду...Бийликтегилер кресло талашып отурушат
+2
argen.kg4
2016-09-02 14:39:02
Олдуго ваще.Мага кичине тушунуксуз болуп жатат.Ункур-Тоодогу теле радио мунараны Кыргызстан тарап биздики деп иштетип жатса.Анан озбектер келип торт станция кызматкерин тутуп кетишсе биздин чек араны мыйзамсыз басып отту деп.Анда кандай болуп калат.Тезирек чечишпейби эми тиешелуу органдар.Он кундон бери жаткан торт байкушка эле кыйын болдуго.Озумдун жеримде иштеп журом деп эле кармалып кетсе.
+2
daniyar84
2016-09-02 14:53:09
Сурабай кондубу колунардан келсе атып тушургуло.
+1
avaz-t02
2016-09-02 15:20:38
Ошол 15-20 милициясын чек араны бузгандыгы учун деп камап койуш керек да карап отурбай!!! Эл аралык сотто соттотуш керек!!! Жанжал чыкпашы учун.
+2
sultan89
2016-09-02 22:35:19
avaz-t02,биздикилердин духу жетпейт
алардын милициясын камоого
биздикилер толька мастарга анан
колунда жок бее бечарага кучу жетет
+2
Talantmarsel
2016-09-02 16:45:14
Бооборду Ошко көчурүү керек тез аранын ичинде же жалал абадды борбор кылыш керек ойлон кыргызым кеч боло електе
+2
kubat_73
2016-09-02 20:48:45
Чек ара кызматына баракелде мынчасы кирди деп санап олтура бергиле бут озбектер кочуп киргиче.Торт жаран камалып жатса Жогорку Кенеш тарады тойго президенттен чечкундуу кадам жок.Маселе курчуп жатса оюндан тойлогондон айланамбы.Жогорку кенешин таратып президентин жолго салыш керек го.Бул не деген олко не деген бийлик жоголгон итти деле издейт го бакандай болгон торт адам эмес.Озбектердин торпогун алсак кол салмак бошоткула деп
0
Nemo_0587
2016-09-02 22:01:27
Бул маселени эл өзү гана чечпесе бийлик креслосунан коркуп отура берет окшойт. Өзбек бийлиги биздин бийликтен эмес, биздин миң жылдык тарыхы бар элибизден, карапайым кыргыздын духунан чоочуйт. Биздин бийлик сырын алдырып бүттү кошуналарга.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан