Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым өлкөнүн өкмөтүнүн жыйынында сүйлөп жатып Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты. Премьер-министр бул маалыматты кайдан алганын тактап айтпаганын "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты.
“Өзбекстандын президенти Ислам Каримов дүйнө салды. Кудай анын жанын бейиште кылсын. Түрк элинин атынан жалпы өзбек калкына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деди Йылдырым.
Бүгүн, 2-сентябрда "Reuters" басылмасы Өзбекстандын бийлигиндеги 3 дипломаттын билдиргенине таянып Ислам Каримовдун каза болгондугун жазып чыккан. Мындан соң маалымат айдыңында президенттин көрү казылып жатканы, Самаркандда түнү менен ишембилик иштери жүргүзүлгөндүгү тууралуу кабарлар тарады. Бирок өзбек өкмөтү суук кабарды тастыктаган жок. Болгону жергиликтүү ММКларда Каримовдун өтө оор абалда ооруканада жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.