Ислам Каримовдун күйөө баласынын базарында текшерүүлөр башталганы айтылууда

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляеванын күйөөсү Тимур Тилляевдин базарында текшерүүлөр башталды. Бул тууралуу "Uzmetronom" көз карандысыз басылмасы жазып чыкты.

"Өлкөдөгү ири "Абу Сахий" импорттук товарлар базарында текшерүүлөр жергиликтүү тургундардын нааразычылыктары, чет элдик валюталардын мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүнөн улам жүрүп жатат. Мындан тышкары ишкер Тимур Тилляев көп жыл мурун товарларды номенклатура боюнча эмес, салмагына карап бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди алган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөнү 1990-жылдан тарта башкарып келген Ислам Каримов өткөн жумада каза болгон. Аны жерге берүү зыйнатында анын үй-бүлөсүнөн аялы Татьяна Каримова жана кичүү кызы Лола катышкан. Бүгүн Өзбекстандын парламенти президенттин милдетин аткаруучу кызматына талапкерлерди карамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
eduardali
2016-09-08 15:14:04
Башталды өзүнө бек туугандарга
+12
aika2013
2016-09-08 15:14:57
Ошондо уй булосуно атака башталдывы?
+18
bekbolot.kg
2016-09-08 15:16:39
Тонкоруш болоткоо чиркин
+21
jurogumdosun
2016-09-08 15:17:58
бизге Караганда алар баарибир бай мамлекет
+10
erlist
2016-09-08 15:50:28
jurogumdosun,биз деле бай болмокпуз 25жыл бир киши башкарса эки революция кымбатка туруп калды бизге эч пайдасы жок элге поездент алмашканы мн толк жок экен
+23
happy15
2016-09-08 20:38:38
erlist,бирок Акаев начар чыкты да бизде эгер ал кыйын болгондо, биз да коншу олколордон калышпайт болчубуз, коп нерсени бузган ошол болду
+6
erlist
2016-09-08 20:53:38
Жок Акаев начар дегенге кошулбайм ал ото билимдуу киши просто анын жанындагылар саткын болчу аягында сатып кетти аны бакиевдики да ошо болду биздин чиновниктерге акча берем десен энесин да саткандан кайра тартпайт болуш кк
+2
happy15
2016-09-08 21:41:59
erlist,жакшы болуш учун билимдуу болуу эле жетиштуу эмес,анын учурунда биз коп нерседен артта калдык,кыйла.Ал киши аяш атамдын мугалими экен эле айткан зачет алуу учун вино берсен алданат болчу деп,ал президент болгонго чейин алкаш болгон,татыктуу эмес болчу.Бакиев мн Атамбай жаман болсо да бир аз алдыга жылдык
+2
adisum
2016-09-08 16:20:34
jurogumdosun,эмне тиешеси бар? Байбы кедейби...
-5
erlist
2016-09-08 15:19:16
Кыркы ото эле баштады го озбек акелер
+14
ERCHOROEV
2016-09-08 16:00:02
erlist,адам каза болгондо кырк деген жок. Озбек туугандар аза кутууну бизге окшоп кырк кун аза тутпайт. Мусулманчылыкта 3кун эле аза кутулот. Ошого озбекистан уч кун эле аза кутту. Бул туура. А биз туура эмес аза тутабыз. Ар бир нерсенин аягы болот мына Каримовла каза болду бул деген милионер кыздарынын да куйо балдарынын да жооп берчу аягы келди. Камактан чыккан адам каматканды жон койот беле мына ошондой эле. 32 милион озбек калкы 27жылдык камактан чыгышты озбекстанда ээми оюн башталат.
+4
Palan4a
2016-09-08 16:59:29
ERCHOROEV,Бизге караганда адар динге кобуроок берилген. Ф.Бда журотко, Кыргызстандагы бир озбек Ташкенттеги тууганынын тоюна барайын десе, тойду токтотуптур. Каримовтун 40 кунунон кийин тойду откозот экен.
+7
muke88
2016-09-08 15:42:46
Тынч эле болушсун. Кошуна тынч болсо биз да тынч болобуз.
+15
tashi62
2016-09-08 15:49:46
Жер бетинде тынчылык эле болсун.
+15
jamilya03
2016-09-08 15:59:28
Озбектин жузу жок деп ушуну айтат 26 жылдан бери атабыз деп жургон президентинин топурагы кургай электе чукумайды башташыптыр
+14
bekhaliev
2016-09-08 16:12:41
jamilya03,Бул бизде эле кой эми бул паланчаны куйубаласы паланчаны жеени тым кой деген бизде эле,аларда закон кучту ошо учунда тартип бар
+7
Izdeim_seni.
2016-09-08 19:06:17
bekhaliev,закон кучтуу болсо,Каримов учурунда текшеришбейт беле
+5
bekhaliev
2016-09-08 20:07:46
Izdeim_seni.,закон болгон кчун гулнора каримованы бар жоктон ажыратыда снб
+3
realmadrid32
2016-09-08 16:00:38
Кайнатанын доору бутту
+18
bakaiBBBB
2016-09-08 19:57:47
Озбектерде не болот мени кызыктырбайт эн башкысы бизге зыяны тийбей Кыргызстан тынч болсо болду
+5
Ananai
2016-09-09 00:01:48
Бирин бири чукумай старт алыптыр да эми .
-3
Gul.08
2016-09-09 03:15:13
Ооо Украина болушатго эми...
+1
barakcha
2016-09-10 23:39:04
Gul.08,кудай сактасын!Бизге зыяны тийбесе болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан