ЖЫЛНААМА, 10-СЕНТЯБРЬ: Мындан 115 жыл мурун агартуучу, коомдук ишмер Касым Тыныстанов туулган

1901-жылдын 10-сентябрында акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист Касым Тыныстанов туулган. Ал 1920-жылы Кыргыз агартуу институтунда окуп жүргөндө казак тилинде чыккан мезгилдүү басылмаларда, Түркстан АССРинин Эл Агартуу Комиссариатынын алдындагы Казак-кыргыз билим комиссиясында маяналуу кызматтарда эмгектенип, 1920-1924-жылдары "Өрис", "Ак-Жол" гезиттеринде, "Жас кайрат", "Сана" журналдарында иштеген. Дал ушул институтта окуган төрт жылда К.Тыныстанов кыргыз эли үчүн жазуу-чиймени жаратууга, айрыкча мектеп үчүн окуу куралдарын түзүп, кураштырууга киришкен.

К.Тыныстанов - алгачкы көч баштаган окумуштуу тилчи, акын-жазуучу, котормочу, журналист, коомдук ишмер катары аты таанылган тарыхый инсан. Ал улуттук тил илиминин жер пайын түптөп, аны андан ары өнүктүрүп, баарынан мурда кыргыз тил илиминин терминдерин, түшүнүктөрүн, орфографиялык, пунктуациялык эрежелерин биринчи болуп иштеп, окуу куралдарын эне тилинде жараткан.

10-сентябрга карата жылнаама...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uragan07
2016-09-10 12:33:47
Менин досум да торолгон. Карабаев Шухратбек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан