Таланттуу жигиттерден куралган “Жебе” тобунун түзүлгөнүнө бүгүн, 13-апрелде 2 жыл толду. Бул топ туулган күнүн борбор калаадагы боулинг клубдардын биринде белгилөөдө. Белгилей кетүүчү нерсе, ырчы мырзалар үчүн эң чоң белек топтун негиздөөчүсү Кенже Дүйшеева тартуулаган автоунаа болду. Ырчы айым топко Тойота Этстима үлгүсүндөгү темир тулпар белек кылды. Жигиттердин кубанычында чек жок. “Бүгүн биз үчүн өзгөчө майрам, абдан кубанычтабыз. “Жебе” тобунун түзүлгөн күнү Жаңы жыл, Нооруз сыяктуу эле биз үчүн салттык майрам болуп калды. Ал эми унаа биз үчүн күтүлбөгөн белек болду. Азырынча эч кимибиз айдаганды билбейбиз, айдоочулук күбөлүгүбүз дагы жок. Кудай буюрса, автомектептен окуп, айдоочулук күбөлүк алсак деп турабыз”,- дешет жигиттер.