Борбор калаада Курман айт намазы окулду (фоторепортаж)

Бүгүн, 12-сентябрда Курман айт майрамы белгиленип жатат. Борбор калаада Курман айт намазы адаттагыдай эски аянтта окулууда. Буга байланыштуу Тыныстанов-Чүй кең көчөсү жана Панфилов-Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилген. Кыргыз өлкөсү боюнча бүгүнкү күн дем алыш деп жарыяланган.

Айт намазга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, муфтий Максат ажы Токтомушев, депутат Дастан Бекешев жана башка саясий, коомдук ишмерлер келишти.

Учурда эски аянтта Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоодо. "Тез жардам" кызматкерлери жана Өрт өчүрүү кызматы ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында эски аянтка чакырылышкан.

Жумуш күнү болбогонуна карабай намаз аяктаган соң чоң жолдордо унаа тыгыны пайда болду. Ошондой эле кайыр сурагандарды, алма тараткандарды жолуктурдук.

Бишкекте Курман айт намазы окулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
kalima88
2016-09-12 08:14:43
Айт маарек, кыргыз элим! Кудайдын улуу кунундо бардык жакшы тилектерибиз орундалсын!Заманыбыз тынч,элибиз ынтымакта жашасын!
+22
Bakyi
2016-09-12 09:12:35
Чын журогумдон Айтыныздар куттуу берекелуу болсун Мусулман бир туугандарым
+10
Alicia
2016-09-12 08:15:52
Айтыныздар маарек болсун
+14
ainur78007
2016-09-12 08:22:52
Айт майрамыныныздар менен,Аллахым кылган ибадаттарыбызды кабыл кылсын.Эл журтубуз токчулук молчулукта,ынтымакта онугуп осо берсин.Эч качан согуш болбосун.
+15
altyn2015
2016-09-12 09:04:18
Айтыныздар маарек болсун! Кыргыз элим!
+12
salimbek87.kg
2016-09-12 09:14:26
Курбан айтыныздар менен кыргыз элим ойлогон жакшы ойлор орундалып тынчтык жакшылык боло берсин Аллахым ОЗУ колдосун.
+10
lolo.1
2016-09-12 09:58:12
Айт маарек болсун кыргыз элим.
+9
Kanzada97
2016-09-12 10:04:42
Айтыныздар маарЕк болсун
+7
Revolyutsiya
2016-09-12 10:29:24
Баарыныздардын Курман Айтыныздар маарек болсун.
+6
azia9393
2016-09-12 11:39:09
Айтыныздар маарек болсун мусулман бир туугандарым...
+5
SARMAT
2016-09-12 13:52:45
Ассаламу алейкум Мусулман бир туугандар Айтынар маарек болсун !!!!
+4
Almaz_kg
2016-09-12 21:06:27
Айтыныздар маарек болсун.бардык момун мусульман туугандар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан