Бүгүн, 15-апрелде Москвада Александр Масляковдун эл аралык КВН мелдешинин Жогорку Лигасынын чейрек финалы өтөт. Анда кыргызстандык “Азия Микс” командасы жарышка түшүп, "Пятигорск шаары", "Союз", "Журналистика факультети", "Кембридж" командалары менен беттешет. Таймаш Орусия убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.