Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG порталы көтөргөн интернеттин кымбатташы тууралуу маселе боюнча жыйын өткөрдү.
"Интернет азыркы коомдун жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды, интернетке карата баанын жогорулатылышы коомчулукта терс пикирди пайда кылды. Бул интернет колдонуучулардын табигый реакциясы. Түзүлгөн кырдаалда, маселе саясатка айланып кеткенде чечкиндүү иш алып барып, биздин өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, альтернативдүү интернет жеткирүүчүлөрдү издөө керек. Биз күн сайын интернет колдонгон өзүбүздүн жарандардын кызыкчылыгын коргошубуз зарыл", - деди премьер-министр.
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев учурда казакстандык кесиптештер менен кыргыз интернет-провайдерлери үчүн интернетке карата тарифтин көтөрүлүшүнүн негиздүүлүгү тууралуу активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков маалымдагандай, Казакстандын тийиштүү мекемелери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, түзүлгөн абал иликтенүүдө. Анын айтымында, аталган маселени 2016-жылдын сентябрь айынын соңунда өтүүчү Евразиялык экономикалык комиссиянын жүрүшүндө көтөрүү пландаштырылууда.
"Учурда ата мекендик провайдерлер менен биргеликте казакстандык ташып келүүчүлөр менен кызматташуунун ченемдик базаларын иликтеп жатабыз. Жакынкы арада биз Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин Табигый монополия жана атаандаштыкты коргоону жөнгө салуу боюнча комитетине биздин интернет-провайдерлер үчүн интернетке тарифтердин жогорулатылышына тийиштүү эксперттик корутундуну сунуштайбыз", - деп маалымдады Казаков.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков эки мекеменин жетекчилерине түзүлгөн кырдаалды тез арада чечүү үчүн альтернативдик жеткирүүчүлөр менен кызматташуу мүмкүндүгүн карап чыгып, өнөктөштөр менен сүйлөшүү процессин тездетүүнү тапшырды.