"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ, 15-сентябрда өткөргөн маалымат жыйынында Аламүдүн районуна караган Кой-Таш айылында бир кезде Максим Бакиевге таандык жерге Алмазбек Атамбаев ээлик кылып жатканын айткан.
"Ал жер Максим Бакиевге, анын досу Алексей Ширшовго жана Данияр Үсөновго таандык болчу, эми ал жакка Атамбаев үй салып жатат. 2015-жылы ал жер Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун аялы Айнура Ибраимованын наамында болчу", - деген депутат.
Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан жергиликтүү башкаруучулардын, анын ичинде Бишкек шаарынын мэринин да декларациясы жок болуп кетти. Калаа башчылары башка чиновниктердей эле 2015-жылдын декларациясын тапшырууга милдеттүү экени белгилүү. Декларацияны тапшырбагандарга айып пул салынмак.