ЖЫЛНААМА, 16-СЕНТЯБРЬ: 105 жыл мурун акын, драматург Кубанычбек Маликов төрөлгөн

105 жыл мурун акын, драматург Кубанычбек Маликов төрөлгөн. Ал 1911-жылы 16-сентябрда Аламүдүн районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Маликов 1931-жылы Фрунзедеги педтехникумга кирген. Эмгек жолун 1926-жылы "Эркин-Тоо" гезитинин Фрунзе облусу боюнча кабарчысы болуп иштөөдөн баштаган.

1931-жылы - "Кызыл Кыргызстан" гезитинде бөлүм башчы;
1934-1935-жылдары - жооптуу катчы;
1932-1933-жылдары - "Ленинчил жаш" гезитинде редактордун орун басары;
1935-1937-жылдары - "Кыргызмамбаста" бөлүм башчы;
1944-1946-жылдары - "Советтик Кыргызстан" гезитинде башкы редактор;
1937-1942-жылдары - Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында катчы;
1947-1949-жылдары - төраганын орун басары;
1954-1959-жылдары - жооптуу катчы;
1959-1973-жылдары - адабий кеңешчи;
1942-жылы - Ворошилов ГЭСинин курулушунда жумушчу колоннасынын комиссары;
1943-1944-жылдары - адабият бөлүмүнүн башчысы;
1951-1952-жылдары - Кыргыз драма театрында директор болгон.
Кубанычбек Маликовдун "Жазгы кош айдоо" деген биринчи ыры 1928-жылы "Эркин-Тоо" гезитине басылып, 1931-жылы "Теңдик курманы" аттуу пьесасы өзүнчө китеп болуп чыккан. 1935-жылы К.Маликов "Театрдык ырлар" деген ырлар циклинин үстүндө иштеп, кыргыз эстрадасынын түзүлүшүнө жана калыптанышына зор салым кошкон. Ал "Манас" эпосун изилдөөгө жана басып чыгаруу ишине активдүү катышып, А.Токомбаев менен бирдикте эпостун жыйынтыкталган үч томдугунун үстүндө көп жылдар бою эмгектенген. Ал вариант казак, тажик жана өзбек тилдерине которулган. К.Маликов "Интернационал" гимнин кыргыз тилине которушкан жана Кыргыз ССРинин Мамлекеттик гимнин жазышкан авторлордун бири. Ошондой эле А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтов, В.В.Маяковский, Т.Г.Шевченко, С.Стальскийдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон Кубанычбек Маликов 1969-жылы "Кыргыз Эл акыны" наамын алган. 1978-жылы "Бийик жерде" пьесасы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Андан сырткары Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, үч Ардак белгиси, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта эмгектеги каармандыгы үчүн" медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
К.Маликов СССР Жазуучулар союзунун 1-съездинин делегаты болгон. Фрунзе шаардык кеңешине депутат болуп шайланган (1939, 1956).

16-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан