16-18-апрель күндөрү Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында казакстандык театр бийчилери өнөрлөрүн тартуулашат. Айтылгандай, казак балетмейстери Булат Аюхановдун мааракесинин урматына уюштурулуп жаткан бул иш-чарада “Ак куу көлү”, “Тынчтык, эмгек, жаз”, “Кармен”, “Чебер жана Маргарита” өңдүү бий спектаклдери коюлмакчы. Эске салсак, Булат Аюханов - Казакстандагы балет бийин негиздөөчүлөрдүн бири, ал 1967-жылы “Алматынын жаш балети” аттуу классика ансамблин түзгөн. Кийин бул ансамбль Мамлекеттик бий ансамбли деген макам алып, анда 35 бийчи эмгектенип келет.