Меккеге Кыргыз жеринен барган ажылар Бишкекти көздөй бет алышты

Мекке шаарындагы Кыргыз жеринен барган зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына жөнөп кетишти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ажылар Мекке убактысы боюнча түнкү саат 00:10до (Бишкек сааты боюнча 03:10) Сауд Арабиясынын Жидда аэропортунан Бишкекти көздөй жөнөштү. Алгачкы топто 300 ажы учуп кетсе, 18-19-сентябрларда 600 ажы мекенине жөнөйт. Ал эми 20-сентябрдан 30-сентябрга чейин Ош облусунун ажылары мекенибизге кайтып келишмекчи.

Быйыл Сауд Арабиясынан Кыргыз Республикасына 3685 квота бөлүнүп, зыяратчылардын баары толугу менен ажылык амалдарын аткарып бүтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ikitaidesu
2016-09-18 09:32:59
Аллахым зыяратыныздарды кабыл кылсын!!! Ниет кылып жургон момун мусулмандарга алар катары бизге дагы насип кылсын!!!
+16
kama_future_millioner
2016-09-18 09:35:20
Зыяратыңар кабыл болсун
+10
Abdurahman
2016-09-19 08:16:53
Я Аллахым бизге да кабыл болгон ажылыкты насип кылгын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан