34 жыл мурун, тактап айтканда, 1982-жылы Карнеги-Меллон университетинин профессору Скотт Фалман интернет тармагында жазышууда эмоцияны билдирүү үчүн быйтыкчаларды колдонууну сунуштаган. Алгач кош чекит ":", тире "-" жана жабылган кашааны ")" колдонуп күлгөн эмоцияны көрсөтүү сунушун киргизген.
Бул электрондук лексикага киргизилген маанилүү жаңычылдык болгон. Бүгүнкү күндө быйтыкчалар аркылуу адамдын дээрлик бардык абалын көрсөтө билүү мүмкүн.
19-сентябрдын жылнаамасы.