Атамбаевдин туулган күнү мамлекеттик резиденцияда өтүп, ага Филипп Киркоров жана орусиялык байлар келишти

Президент Алмазбек Атамбаевдин 60 жылдык мааракесине белгилүү ырчы Филипп Киркоров жана орусиялык олигархтар келишти. Белгилүү болгондой, иш-чара 17-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, ага 200гө жакын адам катышты. Коноктор интернеттеги социалдык тармактардагы жеке баракчаларына жылдыздар менен түшкөн сүрөттөрүн чыгарышууда. Алардын арасында Филипп Киркоров, "A’Studio" тобу, жергиликтүү ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков, Гүлзада Рыскулова, алып баруучу Нурзат Токтосунова жана башкалар болгон. Мындан тышкары Орусиянын Федералдык бажы кызматынын мурунку башчысы Андрей Бельянинов, олигархтар Муса Бажаев, Aлижан Ибрагимов жана Александр Машкевичтин келгени айтылууда.

Айта кетсек, аталган мамлекеттик резиденцияга 148 870 сомго арак, шарап, коньяк, лимонад, минералдык суулар сатылып алынганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
Maha-0711
2016-09-19 13:44:58
Арака бир тоюптур да
+6
sabyr86
2016-09-19 14:06:09
Биздин наам алган ырчыларыбыз барган го.
+4
KGstan1981
2016-09-19 14:24:23
Атамбаевдин кызы Алия дагын атасыны тартыптыр.Атамбаев кузгундар,малдар деп айтса кече жакында Алия Шагиева озунун интернет баракчасында мени жамандагандар Пешерные люди деп маскара кылды.
+8
Frunze74
2016-09-19 21:47:29
KGstan1981, ит уро берет, коч журо берет, коруп жатабыз го кимдин денгээли кандай экенин...
Оозуна алы жетпесе не дейбиз, бетер болсун...
0
admin_portal
2016-09-19 14:41:04
Matilda, жеке билдирүүлөр купуяга!
+1
aiba_00
2016-09-19 15:43:41
Баарына эле Атамбаев кунолуу кылып салыпсынар го.
-4
admin_portal
2016-09-19 15:56:25
Sharos3, Sagy, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок билдирүүлөрдү калтырууга, кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
-1
admin_portal
2016-09-19 16:00:32
Sagy, сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу сизге түбөлүк БАН!
-5
baiyshvip
2016-09-19 16:22:56
Мага жогоруда бир комментарии чон таасир калтырды!!-Атам уй салам деп талаада журот дегени!!!талаадакылардын бири болуп мен дагы жаром кызымды сагынып эх жашоо качан онолобуз-Биз онолобуз Эгер Кумторду улутташтырып элдики кылып алсак кана! Бул факт анткени Кыргызстандын бирден бир киреше алып келип жаткан ишенимдуу булагы экенин эске алышыбыз керек!!!Араб эмираттары нефти менен Байып жатышса биз эмне учун Алтын менен байый албайт экенбиз!!!Кумтор учун митинг болсо катышмакмын Бийлик учун эмес!!!
+5
Botan
2016-09-19 16:50:49
baiyshvip, Дүйнөлүк рынокто Алтындын орду, нефтиге салыштырмалуу төмөн. Алтындын запасы көп өлкөлөрдө бар. Нефти саналуу гана. Мен да улутташтырууга макулмун. Бирок бул оңой-олтоң иш эмес. Эки экс-президенттер көп акча алып коюшкан экен да.
Биздин эң башкы ресурсубуз бул суу ж/а туризм.
+1
mega777
2016-09-19 16:39:43
Арак-шарап арам оокатка кеткен акчанын жок дегендн 5 пайызын картондун устундо уктап жаткан 5 жашар кыздын апасына берип койсо гана эле.Ошондой карапайым элдин,кыйналган журттун батасынан сооп топтолуп,ажо элине кадыры артмак...
+6
Gul.08
2016-09-19 17:11:36
Ажообуз супперда аман Эле болсун
+2
aytkulova
2016-09-19 21:04:45
Мамлекетте баары жакшы болуп, онугуп, маселе жок болсо юбилей откорсо жарашат. Ошончо болуптур, "скромно" эле откоруп койбойбу ырчы-чоорчунун барын чакырып, бюджеттен канчалаган акчаларды коротпой.
+1
baiyshvip
2016-09-19 21:52:38
Ботан!!!Экс президенттердин кеткенине канча болду?? алар илип кетти жеп кетти дер олтура Берели анда!а Алтындын запасы боюнча биздин олко СССР олколорунун ичинде алдынкы саптарда турат; ошондуктан оной олтон эмес деп- олтура бербестен-иштин онойу болбойт!- бул маселени чечишибиз керек! Кен Байлык эл учун иштеп турбаса жок дегенде Кумтор онугуу кыйынга турат!!!
+1
tatynaaiym
2016-09-19 22:55:32
Кумторду улутташтырса деле биздикилер иштете албайт
-1
almaz2880
2016-09-19 23:35:50
Карапайым элдер улпот тойлорду он жылдыкка чогулткан акчаларын кай
рымдуулукка жумшап жатат АША. 100000 евро эмне деген акча ошол акчаны балдар карыялар уйуно берсе канча сооп алат эле
+2
anyshka
2016-09-20 00:54:21
Канча кундон берки казы карта аш болбой ооруп калды биро
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан