24-апрелде Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында cалттуу музыкага арналган кече өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, бул күнү аянтка чогулган эл комузчу, манасчылардын өнөрүнө күбө болуп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен тааныша алат.