Бишкекте 23-25-сентябрь күндөрү Жаштар борборлору жана Жаштар үйлөрүнүн республикалык форуму өткөрүлөт

Бишкек шаарында 23-сентябрдан 25-сентябрга чейин Жаштар борборлору жана Жаштар үйлөрүнүн республикалык форуму өткөрүлөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарындагы Жаштар борборлорунун өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары катышмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда аталган форумдун уюштуруучулары маалымат жыйынында билдиришти.

Алардын айтымында, форумдун максаты – жергиликтүү деңгээлде Жаштар борборлорунун өнүгүү моделин жана башкаруу структурасын макулдашуу, мындан тышкары алардын иш-аракеттерине байланыштуу укуктук-ченемдик актыларды карап чыгуу.

Жаштарды өнүктүрүү институтунун өкүлү Жазгүл Ибраимова буларга токтолду:

“Жаштарды өнүктүрүү институту 5 жылдан ашык иштеп келет. Бул убакыт аралыгында жаштар тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында бир нече ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылды. Аны менен бирге, тажрыйба көрсөткөндөй, бир топ тоскоолдуктар жана көйгөйлөр жаралууда. Андыктан форумдун алкагында жергиликтүү бийлик менен жаштардын карым-катнашын жакшыртуу, мыйзам чегинде колдоо көрсөтүү боюнча атайын жоболор каралмакчы”.

Белгилей кетсек, өлкөдө 58 Жаштар борбору бар. Анда бизнес тууралуу семинарлар, тил курстары, спорттук жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан