Бишкектеги А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Корея адабиятынын борбору ачылат. Бул тууралуу 15-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, борборду ачуу тууралуу аталган министрликтин жетекчиси Султан Раев менен Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гюнун жолугушуусунда белгилүү болгон. Элчи 2013-жылы Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде кореялык сүрөтчүлөрдүн галереясы менен Улуттук китепканада Корея адабиятынын борбору ачыларын билдирген. Мындан сырткары кореялыктардын А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын акустикасын жакшыртуу үчүн жардам берүүгө даяр экендиги маалым болду.