Белгилүү актёр-актриса Брэд Питт менен Анжелина Жолинин ажырашып жатканы алардын күйөрмандарын, жакындарын гана эмес, дүйнөлүк жылдыздарды да капаланткан. Алсак, Питтин жакын досторунун бири, актёр Жорж Клуни: "Мен бул тууралуу билген эмесмин. Кабарды биринчи жолу угуп жатам. Кейиштүү окуя жана үй-бүлө үчүн бул чоӊ бактысыздык", - деп билдирген.
Белгилүү ырчы Адель да түгөйлөрдүн ажырашуусуна өз оюн билдирип, "алардын ажырашуусу - доордун бүткөнү" деп "2 Hours of Misery" аттуу концертинде сахнага чыгып, концертин Жоли менен Питтке арнаганын айткан.
Ал эми Брэд Питтин мурунку аялы, актриса Женнифер Энистон "Us Weekly" басылмасына "Жашоо - бумеранг. Бул Жолинин тагдыры" деген кыска жооп узаткан. Маалыматта: "Энистон Брэд Питтке ар дайым бакыт каалап келгенин, түгөйлөрдүн ажырашуусун каалабаганын билдирген. Жолинин мүнөзү оор, ал эми Питт жөнөкөй жигит. Андыктан бир күнү сүйүү романы ажырашуу менен аяктаарын актриса билген", - деп айтылат. Бул сөздөр бир кезде Жоли да бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп тийгени, бирөөнүн бактысынан бакыт кура албаганы кыйыр мааниде айтылганын кошумчалаган басылма.
Ал эми Жолинин атасы актёр Жон Войт: "Анжелинанын мындай чечим кабыл алганына караганда олуттуу бир нерсе болсо керек. Бул абдан кайгылуу нерсе. Энжи (Анжелина) жана балдар үчүн кыжалат болуп турам. Эми жакшы тилек кылгандан башка айлабыз жок. Алар менен жакын арада көрүшөм деп ниет кылам", - деп билдирген.
Чет элдик басылмалар "ажырашууга Жолинин Брэд Питти ашыкча кызганганы себеп болгон" деп жазышууда. "Актёр тасма аянтында актриса Марион Котийяр менен сүйүү мамилесинде болгон, андыктан Жоли ушул кадамга барды. Анан да акыркы кезде Питт алкоголдук ичимдиктерди көп иччү болгон жана жакында башка жаӊы "мистер жана миссис Смит" биримдиги куралат" деген кептер айтылууда.
Ал эми 40 жаштагы актриса Марион Котийяр алардын ажырашуусуна эч кандай тиешеси жоктугун, окуя тууралуу угуп жаман абалга түшкөнүн жана сүйүктүү жолдошу бар экенин айткан.
Белгилей кетсек, буга чейин бир нече жолу түгөйлөр ажырашып жаткандыгы тууралуу маалыматтар чет элдик басылмаларда байма-бай айтылып келген. Ушак кептерге көнүп калган түгөйлөр ар убак аларда баары жакшы экенин далилдеп, чогуу тасмага тартылып, үй-бүлө мүчөлөрү менен эс алып жактан сүрөттөрүн басылмаларга берип турушкан. Бирок 20-сентябрда Жолинин адвокаты Роберт Оффер: "19-сентябрь күнү актриса никени жокко чыгаруу тууралуу арызын берди. Мындай чечим "үй-бүлөнүн саламаттыгы" үчүн деп кабыл алынган. Ал болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат бербейт жана кыйын учурда башка бирөөнүн жеке жашоосун сыйлоону суранат", - деп билдирген.