Бишкекте сатылып жаткан дисктердин 90 пайыздан ашууну пираттык экени айтылды

Бишкек шаарында "Пиратка жол жок-2016" акциясынын уюштуруучулары бүгүн, 22-сентябрда маалымат жыйын өткөрүштү. Анда Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева сөз сүйлөп, буларга токтолду: "Автордук укугун коргоону каалаган жарандар, ырчылар, журналисттер келип чыгармасын каттатып, автордук укукка ээ боло алышат. Ал эми кимдир бирөөнүн чыгармасын уурдап алгандарга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза, ошондой эле Административдик кодекстердин негизинде укук бузуулардын түрүнө карап түрдүү чаралар көрүлөт".

Жыйында борбор калаада сатылып жаткан дисктердин 90 пайызынан ашууну пираттык экени да айтылды. Жалпы аймактар боюнча мындан да көп болушу мүмкүн. Ал эми уурдалган эмгектерге карата кылмыш ишин ачуу үчүн алгач авторлор тиешелүү жактарга арыз жазышы керек. Андан соң гана Каржы полициясы текшерүү иштерин жүргүзөрү айтылды.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган акциянын максаты интеллектуалдык менчикти, авторлордун укугун коргоонун маанилүүлүгүнө коомчулуктун жана укук коргоо органдарынын көңүлүн буруу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Medina87
2016-09-22 19:30:05
Автор озунун чыгармасын патенттеп ээленип алган сон гана анын чыгармаларын башка бир адамдар озунун уруксатысыз пайдаланып жаткандыгына доо артса болот.
Мен мисалы;Каалаган сериалымды каалаган сайттардан коро алам. А неге именно ошол сериалды мен ар башка сайттардан корбошум керек?
Бул менин оз эрким! Демек: Пираттык жол мененби же башкабы бул коруучунун, угуучунун т.е. потребительдин оз эрки.
+3
Sharos3
2016-09-22 23:06:03
90% эмес 97% пиратский Бишкектин дисктери, цумдагы россиянын пиратский
дисктери биз учун оригинал болуп эсептелинет.
Кайсы айнып калган киши алат 500 сомдон 1 дискти. Андан коро пиратский дискти
30 сомдон алган жакшыго брак болсо да не жалка
+5
elmurat.kg
2016-09-22 20:39:02
концерт болду манас кинотеатрдын жанында
-3
Truelensk
2016-09-23 00:03:50
Бизге пират эле болот.
+4
Tom15
2016-09-23 01:52:46
Truelensk,
Конечно.
dvd плеер китайский болгондон кийин
диск да китайский болуш керек да болбосо
окубай коёт да
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан