Президенттик аппарат: "Атамбаев дарыланууну улантыш үчүн Москвага келди"

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Москва шаарындагы Борбордук клиникалык ооруканага келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул ооруканада Атамбаев дарылануусун улантмакчы.

Айта кетсек, 20-сентябрда кечинде президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Мындан улам президент Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай тургандыгы айтылган. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев болжол менен 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыкканы маалымдалган. "Хаберлер" түркиялык басылмасы президент Түркиянын Измир шаарындагы "Шератон" мейманканасында экенин жазып чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (48)
Komrad
2016-09-23 12:28:48
эл ичинде улгайып эле калган адамдардан көп кездештире болот, калп оорумайды. на жалость довести
-2
Supsuluu
2016-09-23 12:28:48
Мурунку ажолорубуз тополон учурунда качса бул акылдуу алдын ала качып кеткен го. Же озуно жайлуу турак караштырып журду бекен, на всякий пожар деп...
+9
azamat.k
2016-09-23 12:30:47
Кыргызстанга келип кыргызчылык кылып дем салдырсын мумкун жакшы болуп кетээр.Президенттин журогу эле эмес боору да ооруса керек,жалпы корунуш керек да.
-14
Samandar
2016-09-23 12:40:30
Жакшы болуп кетиниз эч качан оорубаныз
-9
Kuyoo_bala
2016-09-23 12:58:58
Сакайып кетсин,кудай колдоп.Бироого жамандык тилебейличи туугандар,ден-соолук тилейли.
0
kona_bmw
2016-09-23 13:48:56
кошоматчылар жаман тойгоздунар!!! Атамбаев канткен кезде дагы элдин ишенимин актай албады, чымыны бар киши экен, президенттиктен коро актер же артист болсо жарашмак... ушунча айып тагылгандан кийин кайсы бет менен элге кайрылуу жасайт экен ошонусу кызык...
+3
kubat_73
2016-09-23 13:49:48
Ооруду дегенине деле ишенич аз болуп калды.Кыргызстанда саясий абал курчуп былыгы чыга баштаганда ООНдун да сессиясынан баш тартып Турциядагы бизнесин жондоп коюп эми Путин акесинен эртен алда кандай кун болсо не кылам не жардам бересин таризинде кенеш сураганы кеткен окшойбу деп калдым жаман тушунугумдо
+4
Arslan12
2016-09-23 14:00:46
kubat_73,Туура эле тушунуп жатат окшойбуз, менин оюм да ошондой болуп атат, тоок жумурткасы келгенде какылдайт беле тууйга жер таппай, неси болсо да сакайып кетсин, элибизде тынччылык болсун!
+1
Tom15
2016-09-23 15:46:36
kubat_73,
Тушунугун жакшы эле
+1
tynara81
2016-09-23 14:02:44
Атамбаев талантуу адам экенин, ыр чыгарып, ырдаганын билип калбадыкпы жакындан бери. Таланттуу киши ар тараптуу талантуу да. Актер боло калып, эсин жоготууну аткара коюу кыйын эмес да. Ошентип четке чыгып, азыркы кырдаалдан өзүн алып качып аткандыр да. Оорулуу адамдын ролун мен да ойноп турам, кырдаалга жараша.
+3
KyrgyzKagan
2016-09-24 18:02:28
tynara81, Атамбаевдин ырчылык, актердук талантынан башка куудулдук талантыда бар. Откондо аянтта Тынардын 120 кой сатирасын ойнодуго. :))))))
+1
tynara81
2016-09-23 14:06:12
Атамбаевдин тарапташтары мага 1000 минус бассаңар да мейли, мен анын ооруп жатканына ишенбейм. Шайлаган президентиңер дейсиңер,мен жана менин жакындарым шайлаган эмес аны. Бизде таза шайлоо өтпөйт.
+6
Shamdagai2013
2016-09-23 14:08:25
Путин капа болуп калбасын,Эрдоганга кетип калды деп-жолугуп кетейин десе керек да
+6
_adil_
2016-09-23 15:18:16
Эртерээк айыгып кетиниз сиздей Адам жок бизде.
-7
Tom15
2016-09-23 15:48:01
_adil_,
Даа андай адам болбой эле койсун
бул дуйнодо
+2
admin_portal
2016-09-23 15:55:43
MOSKVICH, Tom15, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
-3
Abdurahman
2016-09-23 16:39:23
Эми не дейбиз, чындап ооруган болсо дарыланып сакайып кетсин жана эртерээк ишке киришип маселелерди чечсин. Эгер жалгандан эле ооруган болсо 5 миллион элдин убалы урат го
0
damir_klg
2016-09-23 19:59:12
АШАбызда самитке кетип жатса, Андан алдын Батыров барып алган емне кылсын анан, айла жок.
-3
saltanat.
2016-09-24 01:52:32
Эч оорубаңыз, бар болуңуз! Эртерээк айгып кетиңиз!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан