Назарбаевдин басма сөз катчысы экс-президенттин жубайынын өлүмү тууралуу кептерди четке какты

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай экс-президенттин жубайы Сара Назарбаеванын өлүмү тууралуу маалыматты четке какты.

"Нурсултан Назарбаевдин жубайы Сара Алпысовна ооруканада дарыланып жатат. Анын каза болгондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт", - деп жазды ал X социалдык тармактагы баракчасына.

Буга чейин маалымат каражаттары булактарына таянып Сара Назарбаеванын каза болгонун жазып чыгышкан.

Сара Назарбаева 1941-жылы 12-февралда Караганда облусунда туулган. 1962-жылы Нурсултан Назарбаевге турмушка чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан