Көпчүлүктүн кумири, идеалдуу түгөйлөр деп айтылып келген Анжелина Жоли менен Брэд Питтин ажырашуусу күтүлбөгөн окуя болуп, талкуулар учурда кызуу уланууда. Түгөйлөрдү көрө албаган адамдарга бул жаңылык майдай жакса, актрисаны тымызын сүйгөндөр сүйүүлөрүн ачык билдире башташкан. Алардын бири, алматылык Бека аттуу жигит да Жолиге болгон сүйүүсүн билдирип, Казакстанга келүүсүн суранды.
"Салам, Анжелина! Брэдден кетип калганыңа абдан кубанычтамын. Мен сени көптөн бери сүйүп келем. Сен америкалык шоу-бизнестеги көпчүлүк сыяктуу баңгизатын колдонбойсуң, түнү менен көңүл ачып жүргөндөрдөн да эмессиң, жаш балдарды жакшы көрөсүң. Алматыга мага кел, көп жээндерим бар. Мыкты райондордун биринен чоң коттедж сатып алабыз да, жаш балдарды багып алабыз. Facebook`та өзүнчө блог ачып, түрдүү көйгөйлөр тууралуу жазып турабыз.
Ооба, сени бул жерде баары эле биле беришпейт. Бирок сен рэкеттер жана казак келини тууралуу эки тасмага тартыласың да, белгилүү болуп чыга келесиң. Эс алуу күндөрү элиталык делген ресторандарга барып турабыз. Ал жакта баары кымбат, бирок экөөбүз ресторандар тууралуу пост жазып коёбуз. Анда баары бекер болот. Сен деген Анжелинасың да... Мен баарын абдан кылдат ойлонуп чыктым, андыктан келе бер. Экөөбүз жаңы жылдыз белгиси боюнча бири-бирибизге төп келебиз. Сүйүүм менен Бека", - деп жазган алматылык жигит.