Бишкек шаарындагы Бейшеналиева көчөсүнүн №207-үйүнүн жашоочулары жөө адам өтүүчү жолду тосуп жатканына нааразы болушууда. SUPER.KG порталы окуя менен жеринде таанышып кайтты.
Жергиликтүү жашоочу Анархан Жумабаева: "Биз бул жолду тосуп жатканына нааразы болуп жатабыз, анткени 29-А-үйдүн жашоочулары жөө адамдар өтүүчү жолду тосуп жатышат. Архитектура жана мэриядан адистер келип маселебизди чечип беришсин", - деди ал.
Ал эми Бейшеналиева көчөсүнүн №29-көп кабаттуу үйүнүн жашоочулары кошуналардын оюна кошулушпайт. Өзүн Аскер Букуев деп тааныштарган адам: "Биз "Ош базарга" жакын жашайбыз. Үйүбүздүн алдынан кошуна жашагандар, таптакыр тиешеси жок адамдар көп өтүшөт. Алардын үйдүн алдынан өткөнүнө каршы эмеспиз, бирок айрымдар таштандыларды таштап өтүшөт. Кээ бири ичип алып эшиктин алдында жатышат. Балдарыбыз коркушат. Аларга терс таасир берет экен. Ыплас иштерди жасап, түнү менен кыйкырышып, уйку беришпейт", - деген оюн билдирди.
Маалыматты тактоо максатында №29-А көп кабаттуу үйдүн айланасына көз чаптырдык. Жашоочулардын айтканындай спирт ичимдигин ичип алган адам үйдүн алдында жаткан экен. Ошондой эле эшик алдына ташталган таштандыларга күбө болдук.
"Бул аймакты тосууга мүмкүн эмес болчу, бирок жөө адамдар өтүүчү жолду тосуп алышыптыр. Эми бул боюнча архитектура мыйзамсыз экендигин тактап, чечим чыгарып берсе, биз мыйзам чегинде иш жүргүзүп, тартипке келтиребиз", - дейт Ленин районунун аймактык инспектору.