15-апрелде Москвада Александр Масляковдун эл аралык КВН мелдешинин Жогорку Лигасынын жарым финалдык оюндары болуп өттү. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын атынан барган “Азия Микс” командасы жарым финалга өтпөй калды. Аталган фестивалдын расмий сайты кабарлагандай, оюнда командалар төмөндөгүдөй упай алышты:
"Пятигорск шаары" - 13,8
"Союз" - 11,4
"Журналистика факультети" - 12,9
"Кембридж" - 14,0
“Азия Микс” - 11,9
Ал эми жарым финалга "Кембридж" жана "Пятигорск шаары" командалары өтүштү.