Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгы: "Бир ырды талашып жаткан эки аткаруучунун ортосуна түшө албайбыз"

Ырчылар Гүлнур Сатылганова менен Айчүрөк Иманалиеванын ортосундагы "Сахна" ырынын талашы социалдык тармактарда катуу талкууга алынып жатат. Ал эми кээ бир колдонуучулар "авторлор "Кыргыз патентке" барышып, эми Айчүрөктү ырдоо укугунан ажыратышат экен" деп жазып чыгышкан.

Ал эми эки ырчынын талаштуу жагдайы тууралуу Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева буларга токтолду:

"Кыргыз патент" эки аткаруучунун ортосуна түшө албайт. Буга биздин тиешебиз жок. Мындай өзгөчө талаштуу жагдайларда чыгарманы каттоого албайбыз. Эгерде эки автор же эки аткаруучу бир чыгарманы талашып жаткан болсо, сот органдарына кайрылышсын. Чыгарма кимге таандык экенин далилдери менен көрсөтүп берүүлөрү зарыл. Ошондо сот органдары чыгармага кимдин укугу бар, кимге таандык экени тууралуу чечим чыгарып беришет".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Uli6886
2016-09-27 15:02:21
Экоон тен ырдавай эле койгулачы!!!
+4
Uson13
2016-09-27 15:20:40
Экөөңөр да ырдап кыйратып жатасыңар
+5
NARYNGRAD
2016-09-27 15:46:30
Шумдук деле талаша турчу ыр эмес экен го, кулак-мээни жеген уккулугу жок ыр экен.
+6
Eliza-2014
2016-09-27 15:54:08
Айчурок Иманалиевага чечилсин, акчасы коп болсо эмне экен Гульнурдун, Айчурок Иманалеваны эл баалайт жакшынакай уй булоосун Колго алып чыгармачылыктыда уйбулоонуда алып келеатат эл баалайт Айчурок эжени
+4
aikokul14
2016-09-27 16:32:42
Гулнур аябай эле эгоист адам,мынча ичи тар,ыр менен ырчыдан башын айланат,баары эле бири-биринин ырын ырдап эле келишкен ушул убакка чейин,Гулнур озу чыгарган ыр болсо да мейли эле.
+7
Gul.08
2016-09-27 18:22:37
Эмнеге акыркы убакта Гулнур эже башкача болуп баратат..Гулжигит калып эми Айчурок эжеге отуптурбу ...мен Айчурок эжени сыйлайм 100%
+3
ulik-89
2016-09-27 23:44:33
Gul.08,кайсы гулжигит менен эмне болду эле
+1
mambo-1984
2016-09-28 02:59:24
Айчурок эже биз сизди сыйлайбыз
0
anya
2016-09-28 19:06:16
Ушундай денгээлге тушпой эле коюшса болмок, башка ырчыларга улгусуз корунбой .
0
E.TARZAN
2016-09-29 11:10:34
Уят эле бир ырды талашып! Мен да ойлопмун отто чон нерсе талашып жатышат го деп. Экоо тен эле эл адамы, чыгармачыл,таланттуу айымдар. Бири болбосо бири уялып тим койуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан