"Бир адам Улуттук банктын төрагасы кызматында бир мөөнөт гана иштеш керек". Мындай сунушун бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоодо депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.
"Өлкөбүздө президент 7 жылга шайланат. Ал экинчи президенттик мөөнөткө бара албайт. Жогорку Соттун төрагасы да бир мөөнөткө шайланат. Ал эми Улуттук банктын төрагасы, мыйзамга ылайык, экинчи мөөнөткө шайлана алат экен. Менин оюмча, бул туура эмес", - деди депутат.
Айта кетсек, Улуттук банктын төрагасынын айлык акысы 120 миң сомдон кем эмес экени белгилүү.