Бишкектин айрым аймактарында 29-сентябрда таза суу берүү токтотулат

Бишкектин айрым аймактарында 29-сентябрда таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрь күнү саат 09:00дөн кечки 19:00гө чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрү менен кесилишкен аймактарда, Ала-Арча, Көлмө, Ак-Тилек, Алтын-Бешик жана Салам-Алик аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Ошондой эле суунун убактылуу токтотулушу Жаш Гвардия бульварында, "Бишкек жылуулук" ишканасында орун алат. Мындан сырткары №18, №35, №33-орто мектептерде жана №12-бала бакчага да суу берилбейт.

Бишкек шаардык мэриясы жашоочуларды ашыкча суу сактап алууну эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан