Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында "Илим жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда. Анын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев кыргыз окумуштууларынын керектүү жана пайдалуу нерселерди ойлоп таппай жатканына нааразычылыгын билдирди.
"Кыргыз илимий басылмаларды барактасаң, окумуштууларыбыз өзгөчө күрөктү же ашказан үчүн түтүктү ойлоп табышты деп окуйсуң. Мындай нерселерди америкалык жаштар эчак эле ойлоп табышкан. Мисалы, 26 жаштагы америкалык жаран интернетте социалдык тармакты ачып, миллиардер болду. Бизде болсо илимий ачылыштар тууралуу сөз болгондо "мамлекет акча бөлбөй жатат" деп жооп беришет. Эгер ачылыштар жок болсо, анда илимий даражаны алуунун эмне кереги бар?" - деди Бекешев.