Аукциондо сатылган номурлардан түшкөн каражаттын 91 пайызы мамлекеттин казынасына которулат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.
"Аукционго коюлуп сатылган номурлардын 9 пайызы Мамлекеттик каттоо кызматынын казынасына калтырылып, ички чыгымдар жана керектөөлөр үчүн, ошондой эле аукционду өнүктүрүү үчүн жумшалат. Сатылган номурларды сатып алуучу 3 жумушчу күнүндө акчасын төлөп алып кетүүсү керек. Эгерде 3 күн ичинде алып кетпесе, анда аукционго катышкандагы баштапкы баага коюлган сумманын 10 пайызы алынат", - деп билдирди басма сөз катчысы.
Маалыматка ылайык, сатып алуучу алып кетпеген номур үчүн кайрадан аукцион жарыяланып, өткөрүлөт. 28-сентябрда өткөрүлгөн аукциондо 594 миң сомго сатылган номурдун баштапкы баасы 70 миң сом болгон. Мамлекеттик каттоо кызматы катардагы номурларга 1100 сом деген баа койгон.
"Акыркы 10 күн аралыгында аукцион менен сатылган номурлардан 3 миллион сомдон ашуун каражат түшкөн. 3 сандуу жаңы номур чыккандан бери 35 миң номур сатылды. Анын ичинен KG 777 ААА номуру 1 миллион 716 миң сомго сатылды. Бул сумма эң жогорку ченди кармаган баа болуп калышы ыктымал", - деп кошумчалады Эржигитов.
Эске салсак, кийинки жолу өткөрүлүүчү аукцион 3-октябрга белгиленген. Мындан ары номур сатуу үчүн ай сайын аукцион уюштурулуп турмакчы. Буга чейин 28-сентябрда өткөрүлгөн аукциондо 01 001 ААА номуру 594 миң сомго сатылган.