Жалал-Абад-Казарман унаа жолу толугу менен ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-октябрь күнү саат 23:40 чамасында Жалал-Абад-Казарман унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусунда кар күрткүсүнөн улам жол кыймылы токтоп, натыйжада 13 оор жүк ташуучу унаа, 19 жеңил унаа токтоп калган.
"Окуя болгон жерге ӨКМнын Жалал-Абад облусунун башкармалыгы, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун Жарандык коргонуу кызматтары барышып, тиешелүү чараларды көрүшкөн. Натыйжада жол тыгыны жоюлуп, унаалар өз багыттарында кетишкен. Тыгынга кабылгандардын арасында жабыркагандар жок. Жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп, саат 06:30да Жалал-Абад-Казарман унаа жолу толугу менен ачылды”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.