Гүлжигит Сатыбековдун “Апакем” аттуу ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү, обону автордун өзүнө таандык. “Аты айтып тургандай эле ырды өз апама арнап чыгардым. Апам көп түйшүк көрсө да, эч кимге айтпай келет. Апамдын өмүрү узун, ден соолугу чың болсун деп ырдадым”,- деди Сатыбеков. Айта кетсек, бул ырдын клиби жакын арада тартылмакчы.