SUPER.KG порталынын видеосынагына куттуктоолорду кабыл алуу уланууда

Эсиңиздерде болсо, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда жалпы порталдын колдонуучулары жана окурмандары үчүн видеосынак жарыялаганбыз. Андан бери 2 айдын жүзү болуп, кат куржунубузга ар түрдүү видеокуттуктоолор келип жаткан учур. Сынактын шартында көрсөтүлгөндөй, катышуучулар SUPER.KG`ни 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, видео жөнөтүшөт. Мына ушул келип түшкөн видеокуттуктоолордун арасынан сынакта көрсөтүлгөн шарттарга жооп бергендерин тандап, порталга жүктөп туруу үчүн атайын "SUPER.KG 10 жашта" аттуу рубрика ачылды. Бул рубрика "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүндө жайгашкан. Эгер сиз сынакка катышууну каалап, бирок өзүңүзгө ишенбей жатсаңыз, бул рубрикага баш багып, катышуучулардын куттуктоолорун көрүп, ойлоп жүргөн идеяларыңызды ишке ашырсаңыз болот.

Эске сала кетсек, сынакка видеокуттуктоолорду кабыл алуу 16-ноябрда токтотулат. Жеңүүчүлөрдү SUPER.KG порталынын редакциялык кеңеши аныктап, 10 мыкты катышуучуну иргеп алат. Тандалып алынган 10 катышуучунун эмгектери SUPER.KG порталына добуш берүүгө коюлат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мыкты делген 3 жеңүүчү тандалып алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nuriza.kubatova
2016-10-07 14:52:30
Жакшыыыыы
0
Azizbek.kg8
2016-10-24 13:25:57
Кайсыл ватсаптагы номергечалса жонотсонор болот??
0
admin_portal
2016-10-24 14:06:50
Azizbek.kg8, admin@super.kg электрондук дарегине же +996557756342 WhatsApp номерине жөнөтөсүз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан