Дүйнөнүн саналуу гана жерлеринде өскөн айгүл гүлүн Кыргызстанда бир гана Баткен аймагынан көрүүгө болот. Тактап айтканда, гүл өскөн тоо Айгүл-Таш деп аталып, ал Баткен шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан. Гүлдүн илимий аты - эдуард чаар гүлү, жыл мезгилинин апрель айында 10-15 күнгө гана гүл ачып турат. Бийиктиги 30 сантиметрден 2 метрге чейин жетип, гүл өскөн аймак 5-6 гектар аянтты ээлейт. Бирок бул гүлдүн башка гүлдөрдөгүдөй жыпар жыты жок. Аны көрүү үчүн Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан көптөгөн жарандар келишип, сейрек кездешүүчү бул өсүмдүктүн сулуулугуна суктанып кетишет. Адистердин айтымында, Кызыл китепке кирген бул гүлдүн саны жылдан-жылга азайып бара жатат, буга анын көп үзүлүп жаткандыгы себеп болууда. Кошумчалай кетсек, бул өсүмдүк Кыргызстандан башка Ооганстан тоо кыркаларында өсөт.