Даниел Кадырбеков Конституцияны өзгөртүүнүн коркунучун эл билбей жатканын, аймактарга турне уюштуруу зарылдыгын айтты

Саясат таануучу, Япониянын Кобе университетинин бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков Конституцияны өзгөртүү аракетинин коркунучу карапайым элге жетпей жатканын айтып чыкты. Буга байланыштуу республикага турне уюштуруп, документтин маңызын элге түшүндүрүү зарыл деген пикирде. Муну саясат таануучу 10-октябрда социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

Анын айтымында, талкуулар башынан эле 2020-жылга чейин Баш мыйзамга кол тийгизүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө болбой, процедуралык катачылыктарга басым жасалып кетти. Тегерек столдо каршылыктар айтылганы менен, жыйынтыгында бийликтин чечимдери баары бир кабыл алынып жатат. Бул жагдайды саясат таануучу футболдогу көрүнүш менен салыштырды. Футболдо команданын машыктыруучусу калыстын аракетине макул эместигин билдиргени менен, жыйынтыгында баары бир анын чечимине баш ийүүгө аргасыз эмеспи.

Өлкөнүн 30 гана пайызы интернет менен камтылганын, андыктан тегерек столдор, интернет булактарына жарыяланган макалалар элдин калың катмарына жетпей каларын кошумчалады. Ал эми интернет жеткиликтүү болгон шаардыктар Конституцияны өзгөртүүгө кайдыгер, алар добуш берүүгө келбей коюу менен кутулат деген пикирде Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
firstmankg
2016-10-10 14:16:19
тилин менен орок орбой колун менен да оруп кор да
+1
tatynaaiym
2016-10-10 14:27:08
Кудайдын айтканындай болот,бешенеге жазганын коробуз.Буга чейин силердин айтканынарды кылып не болдук,коп башты оорутпагыла.Балким онугуп кететтирбиз,жакшы жашоо болот,балким тескери силер айткандай кыйналаттырбыз.Кандай жашоо болот бир Кудай билет,эмне болушун билбегенден кийин коп коз ачык болуп кыйын Боло бербегиле.Кыйын болсон мамлекет учун Бир иш кыл,тилин мн кыйрата бербей.Сендей тили мн буудай кууругандарды коруп атабыз,эмне иш кылганын
+2
Rustam25
2016-10-10 17:01:40
tatynaaiym,ошолорду иштете койбой жататта Азыркы бийлик, жанакында бир фирма кадамжайда копуро салып жатса бийликтегилер келип фирманын начальнигине штраф салыптыр, неге бизден сурабайле копуро салтасын деп, куруп жатса молодец деп кайра ошол документтерин бутуруп бербейби, азыр Акчан болсо Бир кызматка отурасын акчан жок болсо мин кучтуу университтетти бутсонда жогорудагыларга кызыктырбайт....
-1
Gyiwak
2016-10-10 19:56:51
Элге жакшы түшүндүрүү керек эле да өкмөт деген... Кыскасы келечек караңгы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан