Эртең, 11-октябрда Бишкекте кыргыз футболчулары Түркмөнстан курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүшөт. Буга байланыштуу коомдук тартипти 2 миңге жакын милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Ошондой эле айрым көчөлөрдөгү унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
"Атайын кызматтар коомдук-саясий кырдаалды дыкат текшерип чыгышты. Анын алкагында укук бузуулар жана кылмыштар боюнча алдын ала иштер жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлдү. 11-октябрда шаардын борбордук көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Андыктан шаар тургундарынан түшүнүү менен кабыл алып, унаа жол багыттарын пландап алууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматтарга караганда, Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылмакчы. Ошондой эле Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кире беришине унааларды токтотууга тыюу салынат.