Тажикстанда сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга уруксат берилет. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аркарга аңчылык кылуу үчүн 45 миң сомони (223 миң сом) акча төлөшү керек. Өткөн жылы чет өлкөлүктөр тоо теке атууга 6 жолу уруксат алышкан. Ал эми аркар атууга 67 ирет уруксат берилген.
Орточо эсеп менен бир аңчылык сезонунда түшкөн каражат өлкөдөгү 13 миң мугалимдин айлык акысын төлөп берүүгө кеткен чыгымды жабат. Буга чейин аңчылыктан түшкөн каражат Рогун ГЭСин курууга жумшалган.