Ак үй алдында "Атамбаев, бирөөгө зулумдук кылба!", "Диктатура - элдик революциянын башаты" деген ураандар менен митинг өтүүдө

Бишкекте Ак үйдүн алдында бүгүн, 11-октябрда "Элдик парламенттин" камакта отурган мүчөлөрүнүн тарапташтары митингге чыгышты. Алар "Атамбаев, өзүңдүн запкы чеккен күндөрүңдү эсте, бирөөгө зулумдук кылба!", "Эл мүдөөсүн көтөргөн оппозиция элге керек", "Диктаторлук -элдик революциянын башаты", "Саясий куугунтуктагыларга боштондук!" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат. Чогулгандар ачык соттук отурум өткөрүүнү талап кылышууда. Жалпысынан 50гө жакын адам катышууда.

Нааразычылык акция учурунда милиция кызматкерлери Ак үйдүн дарбазасына илинген плакаттарды алууга аракет жасашканда, митингчилер буга каршы болушуп, алардын ортосунда жаңжал чыкты. Жыйынтыгында плакаттар дарбазадан алынды.

Эскерте кетсек, май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Учурда Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев, Марат Султанов, Тойгонбек Калматовдун иши боюнча соттук териштирүү жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Arslan12
2016-10-11 11:27:13
Тынчтык эле болсунчу элимде!
+1
talant87
2016-10-11 11:51:19
бирин олуп бирин кал элди азыркы бийлик опазицяга ьироосунода ишенбейм
-1
erjigit-e.15
2016-10-11 12:20:58
Бийликтегилер абайланыздар
-2
Gema
2016-10-11 12:53:25
будар кандай нмелер дэжги элди дурботуп,азыр элге тынчтык кана керек болуп калган.
+2
yasmina_kg
2016-10-11 14:36:56
Диктаторлук Озбекстанда болчую.Каримов жаман деген адам уй булосу менен жок кылынат дешчу.Жок болгон туугандарын сурап барган адам да ошол бойдон жоголчу экен А биз болсок интернетте каалагандай шыбайбыз.
0
fanatka19
2016-10-11 15:37:14
ХХХ кууратышты,болбогон акчага азгырылып пикетке чыгышып
0
admin_portal
2016-10-11 16:35:05
fanatka19, этика нормаларын сактаңыз!
0
dastan.bujun
2016-10-11 23:31:36
Bizde kununo miting daiyma univerden kaitsam biroolor jurot yzyldap karabai dele kalat ekensin konumush adat bolup kaldy kochogo chyksan ele naarazy bolgon adamdardy korosun
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан