Баткенде облус элинин 46 пайызы көмүр менен камсыз болду

Баткенде облус элинин 46 пайызы көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун калкына 80 230 тонна көмүр керек болсо, учурда жашоочулар
36 424 тонна көмүр менен камсыз болгон. Ал эми саламаттыкты сактоо тармагында 1443 тонна көмүр ташылып, план-тапшырма 84 пайызга аткарылган.

"Облуста кышка карата даярдык кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында мектептерге 4827 тонна көмүр ташылып, 44 пайызга камсыздалган. Облуста билим берүү жаатындагы 277 имарат көмүр менен жылытылат. Учурда Баткенде көмүрдүн базар баасы 1 тоннасы үчүн 1,5 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин болууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, облус аймагында 78 175 көмүр пайдалануучу кожолук бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nabi89
2016-10-11 15:05:52
Ким айтты Баткенде 1.5 2.5 гече болуп жатат деп
0
MES
2016-10-11 16:21:55
калп эле айта беришет экенда жок эле нерсени эмне эл канча тонна алганын эсептеп жатабы?
0
Uson13
2016-10-11 20:54:06
Жалганды айта бербегилечи эл эмне силерге сокур же дүлөйбү жалган айткандын да чеги болотда өзүңөрдүн айткан сөзүңөргө өзүңөр ишенесиңерби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан