Военно-Антоновка айылына коюлуп, жол эрежесин бузууларды тартып жаткан видеокамера ишин токтотту. Муну парламенттин 13-октябрдагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирип, видеокөзөмөлдүн иштебей калышына айып пулдардын төлөнбөй жатышы себеп болгонун айтты.
"Азыр айдоочулук күбөлүгү бар адамдардын баары унаа айдап жүрүшөт. Унаа сатып алгандар дагы аны өзүнө каттатпай жатышат. Мунун айынан жол эрежелерин бузган айдоочуларды табуу кыйынчылыктарды жаратууда. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу алкагында Военно-Антоновка айыл аймагына жалгыз видеокамера койдук эле, айып пулдарды төлөө болбой жаткандыктан ал да ишин токтотту", - деди депутат.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын четиндеги унаа базарынын жанына, Бишкек-Кара-Балта трассасына видеобайкоо системи орнотулган. Ал жерде унаалардын ылдамдыгындагы эреже бузуулар катталып жаткан.