Учурда Ош-Бишкек жолундагы "Сосновка" жана "Чычкан" көзөмөл-өткөрүү пункттары оор жүк ташуучу унаалар үчүн эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Патрулдук кызматтын башкы башкармалыгынан бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына билдиришти.
"Абанын температурасы 0дөн төмөндөп, түштөн кийин жаап баштаган кар тоңуп, жолдор тайгак болууда. Азыркы маалда Жол эксплуатациялоо башкармалыгынын кызматкерлери жолго 4 унаа менен кум, туз сээп, грейдер менен жол тазалап жатышат. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн "Сосновка" жана "Чычкан" посттору эки тараптуу жабылды. Кышкы дөңгөлөккө өтө элек жеңил унаалардын айдоочуларына жолго чыкпоону сунуштайбыз", - дейт инспектор Мырзабек Бабаяров.