Ырчы Сайкал Садыбакасованын “Жаным сен деп” аттуу ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Гүлшайыр Садыбакасовага, обону Эрнест Жоошевге таандык. “Жаздын келиши менен сүйүү тууралуу ырдап чыккым келди. Себеби бул мезгилде табият жаңыланып, аны менен катар адам баласы да өзгөрүп, жазда сүйүү башталат деп бекеринен айтпаса керек. Балким, менин да жүрөгүмдө сүйүү пайда болсо керек”,- деди ырчы айым.