Египетте өтүүчү диний конференцияга муфтий Максатбек Токтомушев катышат

Египет мамлекетинде өтүүчү конференцияга муфтий Максатбек Токтомушев катышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, конференция Египеттин Каир шаарында өтөт. Ага 80 мамлекеттин муфтийлери жана дин аалымдары катышып, экстремизм, терроризм жана илимсиздиктен шарияттык туура эмес чечим чыгаруунун алдын алуу маселелери талкууланмакчы.

"Конференциянын максаттары - шарияттык илимдин негизинде жооп берүүчү бөлүмдөрдүн башын бириктирүү, имамдарга кыйын болгон маселелерди чечүүгө жардам берүү. Ошондой эле анын алкагында тажрыйба алмашуу жаатында дагы сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.
Иш-чарага муфтий менен кошо анын орун басары Жоробай Шергазыев да катышат"
, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, конференция 17-18-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан