Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 17-октябрдагы отурумунда билим берүү министри Эльвира Сариева өлкөдөгү мектептерди китеп менен камсыздоо жылдан-жылга өсүп баратканын айтты.
"2015-2016-окуу жылы мектептер китеп менен 79,6 пайызга камсыздалды. Салыштырсак, 2010-жылы бул көрсөткүч 58 пайызды түзсө, 2013-жылы 70 пайызды түзгөн. Быйыл мектептерди китеп менен толук камсыздаш үчүн 12 миллион китеп керек", - деди министр.
Депутаттар аны менен макул болушкан жок. Рыскелди Момбековдун айтымында, китеп чыгаруу тармагы коррупцияланган. "Өлкөдө акыркы 5 жыл ичинде китептерди басып чыгарууга билим берүү тармагына жарым миллиард сомго жакын каражат жумшалган. Бирок аймактарды кыдырып чыксаңар, 79,6 пайызга китеп менен камсыздалган бир да мектепти таппайсыңар. Ата-энелер балдарына китептерди өздөрү алып берүүгө муктаж", - деди депутат.