Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17,5 миллиард метр кубдан ашты

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 17 миллиард 579 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү секундасына 317 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 317 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда Токтогул суу сактагычында 13 миллиард 26 миллион метр куб суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан