Ырчы Ильяз Андаштын “Карт бойдок” тасмасына саундтрек катары жазылган “Кыздарга ишенбе” аттуу ырынын клиби жарык көрдү. Ырдын сөзү Үсөн Дайырбековго, обону Съездбек Искеналиевге таандык, клипке Жоомарт Эгембердиев режиссёрлук кылган.“Клиптеги кадрлар "Карт бойдок"тасмасынан алынган. Анда үйлөнбөй жүрүп жашы өйдөлөп кеткен бойдок эркек тууралуу баяндалат. Же кыздарга алданган мырзанын тагдыры десек болот”,- дейт ырчы.