Түндүк Америка менен Евразия жылдар өткөн сайын бири-биринен алыстап жатат

Орусиянын Илимдер академиясынын окумуштуулары Түндүк Америка менен Евразия жылдар өткөн сайын бири-биринен алыстап жатканын айтышканын "PlanetToday" басылмасы 17-октябрда жарыялады.

Мындай жыйынтыкты окумуштуулар бир нече астрономиялык мекемелерден алынган сүрөттөрдү изилдеген соң чыгарышкан. Алар сүрөттөрдү салыштырып, тектоникалык плиталардын жылганы Түндүк Америка менен Евразиянын аралыгын жыл сайын 2-3 сантиметрге алыстатып жатканын билишкен. Мындан сырткары изилдөөчүлөр Африка менен Евразия жыл сайын болжол менен 2 сантиметрге жакындашып жатканын байкашкан.

"Бирок кабатыр болуунун кереги жок. Окумуштуулар тектоникалык плиталардын мындай жылышы Жер катмары үчүн кадимки көрүнүш экенин жана мындай өзгөрүүлөр эч кандай жаратылыш кырсыктарына алып келбесин айтышат", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин астрономдор Жер жалгыз сейсмикалык активдүү планета эмес экенин айтышкан. Алардын ою боюнча, Меркурийде да тектоникалык плиталар жылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Urmat_83
2016-10-18 12:11:15
Жомокго ушунча чон жердин 1-2сантиметр жылып атканын билип коюшса.Жер метр же килиметр болсо экен нар жак бер жагын метрлеп олчой койгудай
0
UlukmanKalyev
2016-10-18 12:56:07
Urmat_83,туура айтасын
+1
chon.alai.
2016-10-18 19:45:16
орус ойудагын тамтырайт деген чында
+2
baktybek90
2016-11-08 16:55:40
ее кыргыздар селер нени билесинер
орус билетта
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан