Өлкөдө аналогдук телеберүүлөр 2017-жылдын 15-майында өчүрүлөт

Өлкөдө аналогдук телеберүүлөр 2017-жылдын 15-майында өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө аймагында калктын 95 пайызы санариптик телеберүүнүн сигналдарын кабыл алууда. Азыркы учурда санариптик телеберүү менен камтууну кеңейтүү максатында иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.
"Өлкөнүн аймагында заман талабына ылайык санариптик телеберүүгө өтүп жаткандан улам аналогдук түрү толугу менен өчүрүлөт. Мындан улам өлкө аймагындагы калкты санариптик телеберүүгө даярдоо, ресиверлер менен камсыздоо боюнча кеңири түшүндүрмө берүү үчүн тийиштүү кызматтарга буйрук берилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mambo-1984
2016-10-18 11:55:07
биздин айылда бирда канал санарип аркылу тартпайт токтогулдун тельман деген айылында
+2
azim2
2016-10-18 12:01:46
Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылында да тартпайт. Качан коюлат болду экен.
+1
talant87
2016-10-18 12:28:43
ункур тоого жакын айлда жашайм 26канал тартат 10кыргыз каналы калганы озбек
+2
Moskva.kg
2016-10-18 13:29:58
Ошондо кыргызстандын каналдарын корбой калабызбы?
0
Frezia
2016-10-18 15:32:27
НТС телеканалы санариптен тартпайт го. Эмне үчүн экенин билгендер айтып койгулачы.
+1
Kroxa
2016-10-20 00:56:54
Frezia,тартат НТС санарипте бар, биз коробуз Караколдон..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан