Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 18-октябрдагы жыйынында өлкөнүн экономикасынын тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн иши каралышы керек болчу. Бирок демилгечи вице-премьер-министр Олег Панкратовдун катышпаганынан аталган маселе кийинки жумага жылдырылды.
Жыйындын башында Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиев депутаттардын суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирген. Өкмөт өкүлүнүн айтымында, Панкратов жүйөлүү себеп менен иш сапарга кеткен. Депутаттар кыш мезгилине даярдануу маселеси вице-премьер-министрдин деңгээлинде каралышы керектигин айтышты. Жыйынтыгында аталган маселе 25-октябрда карала турган болду.