Талас облусунун Бакай-Ата районунда 32,151 тонна төө буурчак өндүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда SUPER.KG порталына Бакай-Ата районунун акиминин орун басары Молдалы Табылдиев билдирди.
Район акиминин орун басарынын маалыматына ылайык, аталган райондун эли төө буурчак аянтын азайтууну болжолдоодо. Дыйкандардын мындай кадамы соңку убактарда жаз алды менен жасаган эмгеги акталбай жаткандыгы жана ага кошумча жерди эс алдыруу керек экендиги менен түшүндүрүлөт. Быйыл Бакай-Ата районунда өндүрүлгөн төө буурчак Түркия, Болгария өлкөлөрүнө экспорттолмокчу.
"Биздин райондо түшүм толугу менен жыйналып бүттү. Быйыл 16 786 гектарга төө буурчак айдап, мол түшүм алдык. Былтыркы жылга салыштырмалуу баасы жогору болуп турат. Учурда базарда түрүнө жараша 34 сомдон 70 сомго чейин бааланууда. Өндүрүлгөн төө буурчакты Түркия, Болгария, өлкөлөрүнө сатабыз. Бул өлкөлөрдүн райондо сатып алуу бөлүмдөрү иштейт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин Айыл чарба министрлиги Талас облусунда төө буурчак чарбасы өнүктүрүлөт деп билдирген.